Аргентиналык футболчу Эмилиано Саланын жансыз денеси табылды

Аргентиналык футболчу Эмилиано Сала отурган учак абадан көрүнбөй калып, дайынсыз болуп жаткан. 28 жаштагы футболчунун жансыз денеси табылганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, футболчунун жансыз денесин куткаруучулар жеңил моторлуу учактын урандыларынын арасынан табышкан. Учак деңизге түшүп кеткен. Куткаруучулар футболчунун жансыз денесин алып чыгуу өтө татаал кырдаалда жүргүзүлгөнүн айтышкан.

Аба кырсыктарын иликтөө бөлүмү учкуч менен футболчунун жакындарын бул окуя менен улам сайын кабардар кылып турушкан. Буга чейин уэльстик "Кардифф сити" футбол командасынын чабуулчусу Эмилиано Сала отурган учак абадан жоголуп кеткен. Учакты издөө иштери токтотулганын чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан