Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгынан 2 жаран каза болду
Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгынан пенсионер
жана жаш бала каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
22-июлда болжол менен саат 17:00дө Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу
Бишкек-Торугарт унаа жолунда келе жатып, унаасын башкара албай калып, жолдун
каршы тилкесинде келе жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Кырсыктын
кесепетинен Хонда унаасында келе жаткан 63 жаштагы пенсионер жана 12 жаштагы
бала каза болгон. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.