Стамбулда урап түшкөн 8 кабаттуу үйдүн алдынан 5 жаштагы кыз тирүү табылды. Түркиянын Анадолу басылмасынын маалыматына караганда, куткаруучулар 5 жаштагы Хавву Текгёз аттуу кызды кырсыктан 18 саат өткөндөн кийин табышкан. Учурда кыздын абалы боюнча маалымат бериле элек.
Ал эми Стамбул губернаторлугунун маалыматтарына караганда, кырсыктан каза болгондордун саны 11ге, жаракат алгандардын саны 13 адамга жетип, үчөө учурда аймактагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатышат.
Кырсык 6-февраль күнү катталган. Айрым маалыматтарга караганда, бул үйдө 12 үй-бүлө жашачу жана алдыңкы кабатында кийим тигүүчү жана оңдоочу ателье болгон. Ал жерде 20-25 киши эмгектенип келген. Мындан улам уранды астында кеминде дагы 20дан ашык адам бар болушу мүмкүн экени айтылган. Окуядан кийин өлкөнүн прокуратурасы кырсыктын себебин аныктоо үчүн тергөө ишин баштаган.