Бишкекте Чоң Чүй каналынын Абдрахманов көчөсү менен кесилишкен жеринде наристенин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ымыркайдын жансыз денеси 3-февралда табылган.
"Учурда баланын жашы жана эмнеден улам чарчаганы, табылган жерге кандайча ташталганы боюнча атайын экспертиза дайындалды. Бул факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталды Ыкчам-тергөө тобу кызматкерлер бөбөктүн энесин издеп жатышат", - деп билдирет басма сөз кызматы.