Москва шаарындагы "Солнцево" деп аталган электро поезддердин станциясында жайгашкан курулуш будкасынан 6-февралда өрт чыгып, эки кичинекей кыз күйүк алды. "Москва" маалымат агенттигинин өздүк булагына таянып жазганына караганда, кыздардын бири 7 айлык болсо, экинчиси 3 жашта.
Өрт чыккан учурда жумушчулар байкап калып экөөнү куткарып калууга жетишишкен. Бирок өрттүн кесепетинен 7 айлык кыздын бети жана колу күйсө, 3 жаштагы кыздын да бети, кулагы жана колу күйүк алган. Экөө тең ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылышкан.
Учурда кыздардын ата-энесинин аты-жөнү такталды. Маалым болгондой, кыздардын апасы - Кыргыз жеринен барган 30 жаштагы аял.
Орусиянын Тергөө кызматы окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан улам келип чыккан.
Ал эми Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин басма сөз өкүлү Гүлбарчын Байымбетова SUPER.KG'ге аталган маалыматтын үстүнөн элчиликтин кызматкерлери иштеп жатканын билдирди.