2006-жылы Эрнест Абдыжапаровдун режиссёрлугунда "Боз салкын" аттуу тасма тартылган. Өлкөдө аталган тасманы көрбөгөндөр саналуу гана болушу керек. Ал аркылуу бир топ актёрлордун жылдызы жанып, шоу-бизнес чөйрөсүнөн өз ордун тапты. Дал ушул тасмада роль жараткан актёрлор азыр кайда жана эмне менен алек экенин билүүгө кызыгып көрдүк.
Адегенде тасманын баш каарманы - фильмде шаарда чоңоюп, айылга келин болгон Асема тууралуу сөз кылабыз. Аны ала качып кетишип, бирок дал ошол ала качуудан багын тапкан актриса Асеманын жылдызы дал ушул "Боз салкын" тасмасынан жанган. Актрисанын "мен Анара эмесмин" деген сөзү азыркы убакка чейин тамаша катары колдонулат. Андан соң актриса карьерасын ийгиликтүү улантып "Уурунун махабаты", "Көк жал", "Сүйүү күчү" жана башка бир катар тасмаларда роль жараткан. Дал ушул тасма чыккандан кийин Асема ысымдуу кыздардын саны көбөйгөнү маалым.
Ырчы катары "Жаным", "Карамель", "Асем кыз", "Энекем", "Онтоосу ичте жүрөктүн", "Мезгил", "Наристем", "Жымыңдайт жылдыз", "Көл кечи" жана башка ырлары менен таанылып келет.
2008-жылы ал Акжол Нишанов аттуу мырзага турмушка чыккан. Учурда жубайлар 1 уул, 1 кыздын ата-энеси.
"Боз салкында" шаардык кызды сүйүп, айылдаш кызы менен көңүлү жакын болгон Мурат аттуу жигиттин ролун ырчы Съездбек Искеналиев аткарган. "Бир күнү кафеде ырдап жаткан жериме Эрнест байке (ред. Абдыжапаров) өзү барыптыр. Көрсө, менин "Селкиге" тартылган клибимди көрүп алып, фильмдеги башкы ролго ылайык көрүптүр. Ошентип Эрнест байкенин чакыруусу менен фотосынак, андан кийин видеосынактан өтүп кеттим. Кыскасы, көктөн издегеним жерден табылып, бул ролго күтүлбөгөн жерден тартылып калдым", - деп ырчы мырзанын айтканы бар.
Ырчы 2006-жылы Жаркынай аттуу бийкечке баш кошкон. Жубайлар 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет. Учурда ырчы чыгармачылык менен алек.
"Боз салкын" тасмасында "сүйүү-пүйүү - бул болбогон бир жомок" деген сөзү менен эсте калган Бурманын чыныгы аты-жөнү Элнура Осмоналиева. Ал ролу тууралуу: "2006-жылы ойдо жок жерден эле "Боз салкын" тасмасына сынактан өтүп, Бурманын ролун жаратып калгам. Эгерде мен жашоодо Бурманын абалына туш болсом шаарга кетип эле башка кызды ээрчитип келген немени бетке чаап, басып кетип калмакмын", - деген оюн айткан.
2006-жылы актриса өзүнөн 10 жаш улуу мырза менен таанышып, алгач жарандык никеде жашап, кийин баш кошушкан. Азыркы мезгилде актриса режиссёрлук менен алектенип жүрөт.
Айылдык, тартынчаак жигит Сагындын ролун актёр Тынчтык Абылкасымов аткарган.
"Мен "Боз салкын" тасмасы тартыларда режиссёрдун ассистенти катары жумушка алынгам. Андыктан сценарий боюнча башкы ролду ойной турган актёрлорду издештире баштадым. Бирок мен алып келгендердин эч бири сынактан өткөн жок. Бир күнү Эрнест Абдыжапаров "ырдаганды билесиңби?" деп калды, "ооба" десем, "анда өзүң ойноп көрбөйсүңбү?" деп, алгач фотосынактан, андан соң видеосынактан өткөрдү. Режиссёрдун сынынан өттүм окшойт, өзүм Сагындын ролун ойноп калдым", - дейт актёр тасма тууралуу.
"Боз салкын" тасмасынан сырткары актёр "Ак алтын", "Ханбийке Назик", "Министрдин кызынын махабаты", "Чыңгызхандын ак булуту" жана башка тасмаларда роль жараткан.
Актёр 2014-жылы "Супер-Инфонун" журналисти Гүлжамал Бөрүкулова аттуу бийкечке баш кошкон. Түгөйлөр учурда 2 уулун тарбиялап келишет. Азыркы учурда Абылкасымов "Кыргызфильм" киностудиясында монтажёр.
"Боз салкын" тасмасында Сагын Анара аттуу кызга "экөөбүз баш кошуп албайлыбы?" десе, "тоодо мал бакканга киши таппай жатасыңарбы?" деген кыз эсиңиздеби? Анаранын ролун жараткан актрисанын аты-жөнү Зарема Асаналиева. Актриса бул тасмадан сырткары "Уурунун махабаты", "Күкүк Шахра", "Гаишниктер", "Кентавр" жана башка тасмаларда роль жараткан. Ал 2012-жылы Кубан аттуу мырзага турмушка чыгып, 2013-жылы уулдуу болушкан. Учурда ал уулун карап үйдө экенин айтат.
Бул кыз тасмада "апа, апа, Мурат байкем келди", "Айганыш эже!" деп кыйкырган сөздөрү менен эсте калган. Анда актриса Элина Абай кызы Мураттын карындашынын ролун аткарган. Мында актриса тасма талаасына жаңы аралашкан кези. Чачы сары, тентек кыздын ролундагы образы баарынын эсинде калды.
Элина Абай кызы "Уурунун махабаты", "Гаишники", "Курманжан датка", "Сулуулар жана миллион", "Күкүк Шахра", "Делбирим" жана башка тасмаларга катышкан. Элина Абай кызы 2017-жылы кикбоксчу Кумар Жалиевге турмушка чыккан.