Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон, алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын ноябрь айында шектүү Чүй облусунун тургуну аял кишинин ишенимине алдоо жолу менен кирип, ири суммадагы акча каражатын алып изин жашырып качып кеткен.
Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси "Алдамчылыктын" негизинде сотко чейинки иликтөө башталган.
ИИМдин ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Жалал-Абад облусунда туулган Б.Р. аттуу жаран кармалган. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.