Өзгөндө өз кызын зордуктоого шектелген ата эки айга камалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев кабарлады.
Анын айтымында, шектүүнү камакка алуу чечимин 7-февралда Өзгөн райондук соту чыгарган. Соттун чечиминен кийин ал Ош шаарындагы СИЗОго киргизилди.
Шектүү 20-январда кармалып, 2004-жылы туулган кызын зордуктаганын моюнуна алган. Учурда М.кызы М. кризистик борборго жайгаштырылган. Ага психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Анын 2006 жана 2008-жылы туулган эки иниси да мектеп интернатына берилди. Балдардын апасы 2013-жылы каза болгон. Атасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендиги, психикалык жактан жабыркап жүргөндүгү айтылып, экспертиза дайындалган.