Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги андагы чыгымдар боюнча аудит жүргүзгөн Эсептөө палатасынын инспекторун Италияга жөнөткөндүгү маалымдалган. Маалыматты Башкы прокуратура билдирип, буга республикалык бюджеттен 459 миң 829 сом негизсиз пайдаланылганын белгилеген болчу.
Бүгүн, 8-февралда министрликтин маалымат кызматы Эсептөө палатасынын аудитору кандайча министрликтин каражатына Италияга барып калганына түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, Саламаттыкты сактоо тармагында донорлор тарабынан каржыланган SWAp долбоору ишке ашып келет.
"Мындай каржылоо Кыргыз Республикасы менен донорлор ортосунда ратификацияланган макулдашуунун негизинде ишке ашат. Ошол келишимге ылайык, сатып алуулардын планы донорлордун макулдугу менен гана түзүлөт. Пландын негизинде 2017-2018-жылдары "Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун адистерин эл аралык билим берүү борборлорунда окутуу, каржылоо жана аудит жургүзүү потенциалын жогорулатуу" деген пакет иштей турган болгон.
Анда жалаң Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистерин гана эмес, Эсептөө палатасы, Каржы министрлиги, Экономика министрлиги жана башка мекемелердин каржы түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлерди окуудан өткөрүү каралган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги окууга бара турган талапкерди тандоо сунушу менен Эсептөө палатасына кат жөнөткөн. Бара турган адис аныкталгандан кийин министрлик тарабынан макулдук алуу үчүн донорлорго кат жолдонгон. Донорлор макулдук берген соң Эсептөө палатасынын адиси Турин шаарындагы эл аралык окутуу борборуна барган", - деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратурадан Эсептөө палатасынын инспекторунун Италияга барышы мыйзамсыз экенин билдиришти.
"Ден соолук-2" улуттук программасынын алкагында саламаттыкты сактоо системин реформалоо жүрүп жаткан. Программаны министрлик жана анын өнөктөштөрү мыйзамдуулук сакталган, мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат сарпталбаган шартта ишке ашырышы керек эле. Эсептөө палатасынын инспекторунун Италияга болгон сапарына "Ден соолук" программасынын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигине бөлүнгөн каражат сарпталган. Инспектор өз милдетин аткарып жаткан учурда (аудит жүргүзүп жаткан маалда) окууга кетип калган", - деп билдирет Башкы прокуратура.