Эл аралык террордук уюмдун издөөдө жүргөн мүчөсү Жалал-Абаддан кармалды

Эл аралык террордук уюмдун издөөдө жүргөн мүчөсү Жалал-Абад шаарынан кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кармалган адам - Орто Азиядагы өлкөлөрдүн биринин 30 жаштагы А.Р.Б. аттуу жараны. Ал өз өлкөсүндө оор кылмыштарды жасаганы үчүн жана террордук багыттагы иштерди көздөгөнү үчүн издөөгө алынган.

Ал Кыргыз өлкөсүнүн аймагына мыйзамсыз кирип, террордук чабуул жасоо максатында жашыруун топторду уюштурууну көздөгөн. Ошондой эле ал жарылуучу заттарды кол менен жасоо боюнча атайын курстан, шаар жана тоодо автомат менен салгылашуу машыгууларынан өткөн.

Учурда анын шериктерин кармоо жана өз өлкөсүнө өткөрүп берүү тууралуу иштер аткарылып жатканы кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
s81
2019-02-08 19:28:42
зыяны жокбу бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан