"Бишкек шаардык "Жашылдандыруу" ишканасы бак-дарактардын кыйылуусуна таптакыр каршы", - деп талкууда аталган мекеменин жетекчиси Эльнура Жолдошева сөзүн баштады. Мындай пикирин ал бүгүн, 8-февралда "Жолдорду оңдоо үчүн сөзсүз эле бак-дарактарды кыюу керекпи?" деген суроонун алкагындагы талкууда айтты.
"4 миң бак-дарак... Эмне деген сан? Бир гана Жашылдандыруу ишканасы бул санды жон териси менен сезип, канча дарак экенин реалдуу элестетип жатат. Бул өтө көп. Бул жерде бак-даракты кыюуну комиссия дагы карашы керек. Мындан тышкары кайсы көчөдөгү кайсы бак-даракты кыюу керектиги боюнча ошол аймактын жашоочуларынын да пикирин угууну сунуштайм. Коомчулуктун макулдугу менен гана биз макул боло алабыз.
Моюнга алабыз, шаарда эски бактар да бар экенин билебиз. Биз баарын өз учурунда жөнгө салуу аракетин көрүп жатабыз. Бирок ошол 4 миң бак-дарактын баары эле карыган дарактар эмес. Арасында жаңы отургузулгандар да бар. Биз мурда кетирген катачылыкты кайталабоо үчүн ар бир даракты кыюуга кылдат карайбыз", - деди Жолдошева.