Жазуучулар союзунун төрагасын шайлоодо жаш жазуучулар сыртка чыгып калышты

Бүгүн, 8-февралда Бишкекте Кыргыз жазуучулар союзунун пленардык жыйыны өтүп жатат. Күн тартибиндеги негизги маселе - союздун жаңы төрагасын шайлоо. Мурдагы төрага Кыргыз Эл жазуучусу Акбар Рыскулов өз эрки менен кызматынан кетүү тууралуу арызын окуп берди.

"Жаманбы, жакшыбы 5 жыл иштедим. Колумдан келген жумуштарды аткардым. Убакыт келген экен, өз эрким менен кызматымды тапшырып берүүнү чечтим. Мага уруксат бериңиздер", - деди Рыскулов.
Жазуучулар биримдигинин жаңы төрагалыгына учурдагы орун басары Тынчтыкбек Нурмамбетов жана мурдагы орун басар Нурлан Калыбеков талапкерлигин койду.

Төрага устав боюнча Жазуучулар союзунун президиумунун мүчөлөрү гана шайлоого катыша аларын белгилеп, калгандарды залдан чыгып кетүүнү суранды. Төраганын мындай суранычына жаш жазуучулардын өкүлдөрү нааразычылыгын айтышып, союздун эртеңки келечеги болгон жаштар добуш берүү процессине күбө болууну каалашарын билдирип, ортодо талаш жаралды. Жыйынтыгында жаш жазуучулар залдан чыгарылды.
Учурда добуш берүүнү ачык же жабык түрдө жүргүзүү маселеси талкууланып жатат.
Жазуучулар биримдигинин мүчөсү Кыялбек Урманбетов төрага Рыскуловдун добуш берүү ачык болсун деген чечимине каршы пикирин билдирди.
"Уставга ылайык келбейт деген шылтоо менен өздөрү каалаган талапкерди колдоп, келген жаштарды кууп чыктыңар. Анда эмнеге уставды бузуп ачык шайлоо жүргүзүп жатасыңар?" - деди Урманбетов.
Катышуучулардын арасында кайчы пикир жаралып, жазуучулар бир чечимге келе албай жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан