Жашылдандыруу ишканасынын жетекчиси сын айткан тургунга: "Мен сизди сейилдөөгө чакырам"

Марат АкматалиевБишкек шаарынын тургуну Марат Акматалиев бүгүн, 8-февралда "Бишкектеги жолдорду оңдоп-түзөө үчүн сөзсүз бак-дарактарды кыюу керекпи?" деген талкууда Жашылдандыруу ишканасын сынга алды.

Ал: "Баасы кымбат көчөттөр сатып алынган. Бирок алар күндүн ысыгында сугарылбай, куурап калды. Эмнеге ошол убакта тийиштүү кызматкерлерге чара колдонгон жоксуңар? Мисалы, мен үйүмө тиккен дарактарды жаш баладай сугарып багам", - деди.Эльнура Жолдошева

Буга Жашылдандыруу ишканасынын жетекчиси Эльнура Жолдошева: "Ал көчөттөр өсүп жатат. Мен сизди Түштүк магистралга сейилдеп келүүгө чакырам", - деп жооп берди.

Ошондой эле ал өз сөзүндө шаар тургундарын да маданияттуулукка чакырды. "Жаңы тигилген бактарды жулуп, жол тандабас унаалары менен сындырып да кеткендери бар. Ошондуктан баарыбызды көчөдө маданияттуу жүрүүгө чакырам", - деди.

2017-жылы шаар ичин жашылдандыруу максатында Жашылдандыруу ишканасы чет өлкөдөн 13 миллион 763 миң сомго көчөттүн 6 түрүн сатып алган. Көчөттөрдүн 1 түбүнүн баасы 9 миң сомго чейин жете тургандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bishkek_312
2019-02-08 20:23:05
Өссүн 9000 сомдук көчөт өспөсө анда биздин 100-150 сомдук көчөттөр такыр эле өспөй калбайбы,көчөт 9000 сом болду канча сомго багылып жатат болду экен сындырган киши канча төлөйт болду экен.
+3
zevs
2019-02-09 01:10:10
Janagy aktivist unchukpay oturatko kyznatty eelep. Azyrky adamdardyn oyu ele eptep biylikke jetip alsam.
+1
tular
2019-02-09 12:08:59
zevs, Эн туура айтасыз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан