Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кылмыш иши козголду

Саламаттыкты сактоо министрлигинин экс-министри Талантбек Батыралиевге кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде шектелип жатат.

"УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдарына таянсак, Батыралиев Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар" мыйзамына ылайык бөйрөктүн 5-даражадагы оорусу менен жабыркаган бейтаптарды дарылоочу гемодиализди алууда мыйзамдагы талаптарды бузган. Бул факт боюнча аудит түзүлгөн. Мындан соң Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында мамлекеттик казынага 107 миллион сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен 7-февралда экс-министр Талантбек Батыралиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы тууралуу маалымат жөнөтүлдү. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 322-беренесинин (көз көрүнөө пайдасыз келишим түзүү) негизинде кылмыш иши козголду", - деп билдирет УКМК.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Талантбек Батыралиевдин ишмердүүлүк жолу:

- 1977-1978-жылдары Сузак районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун жумушчусу;

- 1989-1993-жылдары Кардиология илим изилдөө институтунун илимий кызматкери;

- 1993-1997-жылдары Түркиянын Адана шаарында жайгашкан Чукуровск университетинин кардиология боюнча кафедрасынын профессору;

- 1994-1997-жылдары Медициналык инвестициялар боюнча кеңешчи;

- 1997-2007-жылдары Түркиядагы Sant Konukoglu атындагы кардиология департаментинин социалдык инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн жетекчисинин кеңешчиси;

- 2007-2014-жылдары Медициналык факультеттин координатору, америкалык кардиологдор коллегиясынын профессору;

- 2014-жылдан тарта саламаттыкты сактоо министри болуп иштеп, 2018-жылы, 19-апрелде Сапар Исаковдун өкмөтүнө Жогорку Кеңеш ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, президент бул чечимди колдоп, тараган өкмөт менен кошо отставкага кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Veronica89
2019-02-08 17:35:12
Жумуштан кеткенден кийинби?
+4
Erik2018
2019-02-08 17:37:09
Эми толук тийишттүү жазасын алсын. Азыр жемкорлук гүлдөп жаткан чакта.
+3
Атасынын баласы
2019-02-08 17:39:40
кечээки зек бугунку министр, бугунку министр эртенки зек заманы болду го...
+6
AIA-TOO
2019-02-08 17:43:07
Жее ооруп калат, жее качып кетет.
+5
almanbetperm
2019-02-08 17:57:57
AIA-TOO,журогу ооруйт мунун
+4
RaHat19
2019-02-08 18:39:39
Кыйын иштеген убагында ОЗУ абдан билимдуу врач жон эле каралоо депутаттар кол колдогон программага озулору да жооп беришпейби
+5
Ailin78
2019-02-08 19:44:04
RaHat19,азыр жебеген жердин астында дейт бул да жөн жүрбөй жеп койсо керек да
+1
binur5
2019-02-08 19:50:44
Бул жакшы эле врач болсо кк биз озубуз ушуга окшогон кардиолог врачтарды каралап жатсак бизге Ким жакшы врачтарын жонотмок .
+4
dymak
2019-02-09 09:04:52
Мейли жеген болсо кайра берсин элдикин
+1
amirrus
2019-02-09 10:37:15
жесе камагыла элдин акчасын жесе куссун
+1
kechirmeni
2019-02-09 12:19:50
Башка министрлерге караганда жакшы иштеген болчу канчалаган обьекттер курулду эле, коптогон клиникалар онлайн системага отуп коррупция да азайды эле, менимче мунун бирден бир куноосу Атамбаевдин тушунда иштеп калганы болсо керек, азыркы Космос дегенинерге караганда жакшы иштеген болчу, озу да Туркияда иштеп ал жактан инвестиция тартып Кыргыз медицинасына коп салым кошту эле. Эми так туура адилеттуу тергешсе бир кеби болоор
+2
Skarlett-Skarlett
2019-02-10 10:39:14
Билимдуу кишилерди остуро койбой сындырып жатышат.
0
Makul
2019-02-10 16:15:55
Бул деген Соке Атамбаевдин көчүн улап жатат деген эле нерсе. Башка сөз жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан