Жогорку Сот: "Ата журтчу" 3 депутат боюнча кийинки соттук отурум 6-августка белгиленди
“Ата журтчу” 3 депутат боюнча кийинки сот отуруму
6-августка белгиленди. Мындай чечимди бүгүн, 23-июлда
Жогорку Сотто аталган иште сот ишине төрагалык
кылуучу Жакып Абдрахманов кабыл алды. Чечимдин кабыл алынышы айрым айыпталуучулардын
жактоочуларынын бүгүнкү сот процессине келбегендигине жана жактоочулардын сот
иши менен таанышуу үчүн 31 күн убакыт сурагандыгына байланыштуу болду.