Стамбулда 6-февралда урап түшкөн 8 кабаттуу үйдүн алдында 45 саат жаткан өспүрүм аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары Түркиянын ИИМ башчысы Сулейман Сойлуга шилтеме берүү менен жазууда.
"Үй урагандан 45 саат өткөндөн кийин куткаруучулар 16 жаштагы баланы алып чыгышты" деген Сойлу. Мерт Айдын аттуу бул өспүрүмдүн абалы тууралуу азырынча маалыматтар айтыла элек.
Буга чейин урандылардын алдынан 5 жаштагы кыз тирүү табылганы маалымдалган. Түркиянын Анадолу басылмасынын маалыматына караганда, куткаруучулар 5 жаштагы Хавву Текгёз аттуу кызды кырсыктан 18 саат өткөндөн кийин табышкан.