Биз социалдык тармакта

Чүй облусунун Жайыл районунда 26 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылды

Чүй облусунун Жайыл районунда 26 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, 9-февраль күнү Жайыл районундагы Эриктүү айылынын жанындагы каналдын ичинен эркек адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат “102” кызматынан келип түшкөн.

"Жерине барган милиция кызматкерлери маркумдун денесинен эч кандай уруп-сабоонун белгилерин тапкан эмес. Иликтөө иштеринин негизинде маркум 26 жаштагы Степное айылынын М.М. аттуу тургуну болгону аныкталган", - деп жазылат маалыматта.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, маркум тоңуп каза болгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eli.91
2019-02-10 18:20:03
Кудай аай мен жашаган жерге жакын экен укпаган экенмин.Жаткан жери жайлуу болсун.Кечоо куну чон улак болгон эле ошондон ичип алып калыпкалгандардын бироосу окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан