Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралат

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңештин комитетинде жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баяндаманы мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Экмат Байпакбаев жасайт.

“Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору менен 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда. Аркар, кулжага , тоо эчкисине, эликке, маралга, каманга аңчылык кылууга тыюу салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sabette
2019-02-11 08:51:48
Тыйуу салбаса болбойт азайып кетти кекилик,кыргоол,чил,кашкулак,кирпи ушулардыда киргизиш керек!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан