Айрымдарга майрам болду... Казакстанда спирт ташып бараткан Фура аңтарылып кетти

Казакстандын Костанай облусундагы унаа жолдо спирт ташып бара жаткан Фура оодарылып кетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, спирт куюлган цистерна оодарылып кеткенден кийин ылдыйды көздөй агып баштаган. Ал арада аны чакалап сузуп алып, флягага куйган адамдардын видеосу интернетке тарады. Полициянын маалыматына ылайык, кырсык 6-февралда Алматы-Екатеринбург унаа жолунда болгон.

"Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын 60 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калган. Анын натыйжасында цистерна жол четине аңтарылып кеткен. Айдоочу жана башкалар жабыркаган эмес. Иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми соцтармактарга тараган видеодогу адамдардын: "Конокко келгиле, Бизде, Казакстанда спирт арыкта эле агат, болгону сузуп алыш керек", - дегендерин угууга болот.

Спирт ташыган Фура оодарылып кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aerforce
2019-02-11 09:23:21
баурлар жыргаптырда күнү түнү ичип тойлоп)
+1
bond02
2019-02-11 09:32:08
Четтерин тосуп кол кылып алгыла.
+4
madina.87
2019-02-11 10:04:05
Бул жерде эмнелер гана жок!!Ары бери өткөндөр жайлап да кетип жаткандыр жол жээгине.Буну эми эмне кылышат чөп чары менен эле куюп алышты.
0
Aikaaaa
2019-02-11 11:47:07
madina.87, ичишет да, анан эмне кылышмак эле, үйлөрүнө алпарып алып чыпкалап четинен иче беришет
0
din_tomas
2019-02-11 13:58:12
madina.87, спирт микробдорду өлтүрөөрүн билбейсизби?)))
0
Shaa-82
2019-02-11 11:57:18
Рас болуптурда. Эми аны чоп чары менен куюп алып элди андан бетер ууландырып олтурот экенда.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-11 12:30:28
Айымдарга деп окуп алыпмын)
+3
Lukman-Hakim
2019-02-11 13:10:17
Бир өлкөдө спирт төгүлүп майрам болуп жатса, бирөөсүндө спирттен ууланып өлүп жатышат.
Атың өчкүр арак адамдарды не гана кылбадың!!!
+3
Aijamal_1990
2019-02-11 13:32:57
Ырас эле болуптур
0
KAYRATBEK
2019-02-11 15:52:08
АстахфирАлла. Ыймансыздарга ыйман бер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан