Марс Акеров эл аралык категориядагы калыстардын тизмесине кирүү үчүн сынак тапшырып, ийгиликтүү өттү
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн адистештирилген спорт мектебинин директору Марс Акеров эл аралык категориядагы калыстыкка (international referee) сынак тапшырып, ийгиликтүү өттү. Сынак тапшыруу 1-июлдан 5-июлга чейин Африкада болуп, ага 19 калыс катышты. Калыстардын аталган категориясы дүйнө биринчилигин жана Олимпиада оюндарын тейлөөгө укук берет. Айта кетсек, мурда Кыргызстанда Иван Райский аталган категориядагы жалгыз калыс болгон. Ал эми республикада эл аралык мелдештерди тейлеген эл аралык категориядагы алты калыс бар.