Ысык-Көлдө муунтулуп каза болгон 9 жашар баланын апасы: "Милиция өз баламдын өлүмүнө кызым экөөбүздү шектеп жатат"

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы талаадан жансыз денеси табылган 9 жаштагы Жайдардын киши колдуу каза болгонуна 4 айдын жүзү болду. Бул арада кылмыш ишинин бети ачылбаган боюнча турат. “Баламдын өлүмүнө шектүү катары кызым экөөбүздү карап жатат” деген Жайдардын апасы Жүрсүн Сартова SUPER.KG порталына кайрылып, баласынын өлүмү жана учурдагы абалды айтып берди.

"Кырктан ашып калганда көргөн балам"

"Жайдар - үч баламдын кичүүсү. Мен аны кырктан ашып калганда төрөгөм, биз абдан кубанганбыз. Баламдын аутизм менен ооруй турганын башында билген эмеспиз. Ал кадимки эле балдардай болчу. Кийин аны бала бакчага бере баштадык. Ал жактан бизге тарбиячылар балабыз кечке эле ыйлай берерин, жанына эч кимди жолотпой, өзүн таң калычтуу алып жүрөрүн айтышты. Биз, балким, тили жакшы чыга электен болуп жүрбөсүн деп ойлодук. Бир күнү балам кызамык менен ооруп калды. Дарыгерлер көпкө чейин ага диагноз коё алышкан жок. Андан кийинки текшерүүлөрдө Жайдарда аутизмдин белгилери бар экенин айтышты. Негизи бул илдет менен ооругандар кишинин көзүн карабайт дешет. Бирок Жайдардын андайы жок болчу. Ал үйгө келген адамдарга жакындап акырын колун кармап көрчү. Эгерде ал адам ага каршылык көрсөтпөсө, колун кармаган боюнча ээрчип деле кете бергенге даяр болчу. Биз анын оорудан айыгып кетишине бардык аракетибизди жумшаганбыз. Ал адамды тажатып жибергендей ооруган жок. Ал кадимки эле балдардай болуп жүрчү".

Жүрсүн Сартованын айтымында, өзү Бишкек шаарындагы атайын аутизм менен ооруган балдардын ата-энесин окуткан ийримде окуп, билим алган.

“1-октябрда кызым, балам болуп үйдө болчубуз. Атабыз жумуштары менен башка жакта жүргөн. Болжол менен саат 16:30 чамаларында кызым жумуштары менен бир жакка кетти. Мен оюмда Жайдар кызым менен кетти окшойт деп ойлоп, үйдө башка жумуштар менен алек боло бердим. Кайра бир сааттан ашык убакытта кызым Айдай келип эле баланы издеп калдык. Алгач көлдүн жээгине кетип калды деп ойлоп, ал жакка бардык. Кошуналардан сураштырдык, балким, көчөдөгү бирөө жарымды ээрчип кеттиби деген да ой келди. Кызым экөөлөп 2 сааттай издеп таба алган жокпуз. Андан соң милиция кызматкерлерине кайрылдык. Ошентип алар да, биз да издеп, акыры балам түнкү саат 11ге жакын табылды".

"Сен өлтүргөнсүң, өз каалооң менен күнөөнү моюнга ал"

Бул сөздөн кийин Жайдардын өлүмүнө шектүү катары каралып жаткан эжеси Айдай сөзгө аралашты. Ал 18 жашта. Анын айтымында, инисин саат 22:18де милиция кызматкерлери талаадан табышкан.

“Мен ал күнү курбу кыздарыма жолукканы кеткем. Биз көл жээкке барып кайра келгенбиз. Үйгө келип эле инимди издеп калдык. Апам милицияга кабарлаганча Чолпон-Ата шаарын жарым-жартылай кыдырып чыкканбыз. Мага таң калычтуусу Жайдар табылган жерди ага чейин унаа менен бир-эки жолу карап кеткем. Анан эле милиция кызматкерлери таап алып жатпайбы. Биз, апам экөөбүз арыз жазып жатканда бала табылды деген кабар келди. Мени милиция кызматкерлери ошол түнү саат 11де эле суракка алып кирип кетишти. 20 чакты кызматкер суракка алып башташты. Алар эмнеге иниң өлдү деп 3 сааттай сурай берди. Түн бир оокумда Чолпон-Ата шаардык милициясынын жетекчилеринин бири мас абалда келип, кагаз сунду. "Сен эле өлтүргөнсүң, күнөөнү моюнга ал да, өз каалооң менен жазып бер" деди. Өзүмдү жоготуп жатып сурактан таңкы саат 5:30да чыктым. Эртеси куран окутуп, сөөктү жерге бергенде үйгө 9 автоматчан кызматкер келди. Алар Чолпон-Ата шаарына инимди мени өлтүргөн деген сөздү жайылтышты. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына "кылмышка шектүү бар, аны унаасынын дөңгөлөгүнүн изи аркылуу аныктадык" дешти".

"Нес кылган экспертиза"

Айдайдын айтымында, иниси табылган убакта жамгыр жааган. Алгач кызматкерлер Жайдарды табышканда ал жерди курчоого алышкан эмес. Качан гана Айдай ал жерге унаасы менен келип ары-бери жүргөндөн кийин гана курчоого алынган. Ошондой эле кызматкерлер экспертизага ошол дөңгөлөк издерин алышкан.

“Мен быйыл Бишкектеги окуу жайлардын бирине тапшыргам. Октябрь айынын ортолорунда мен окуган жайга милициядан келип, инисин өлтүргөн студент окуйт деген маалыматты таратып кетишиптир. Бирок алардын мындай негизде маалымат таратууга укугу жок да? Мунун айынан университеттен чыгууга туура келди. Мага абдан оор болду. 5-декабрда кайра суракка чакырылдым. Себеби ошондо инимдин өлүмүнө жасалган экспертизанын жыйынтыгы чыккан экен. Барып таанышып, нес абалда чыктык. Мен айдаган унаада жайы-кышы дебей бир одеяло жүрчү. Милиция кызматкерлери Жайдардын өлүмүнөн кийин, тактап айтканда, 3-октябрда унаадан ошону алышкан экен. Аны дагы бизге айтышкан эмес. Мыйзам боюнча унаадан эмнелерди алып жатканын бизге жана башка күбөлөргө көргөзүп, анан тийиштүү чарасын кылыш керек эле. Антпей эле өз билгендерин кылып, ошол одеялодон баланын моюнуна салып муунтулган мүшөктүн жиби чыкты деп белгилеп, экспертизага тиркешиптир. Жайдар талаадан табылгандан кийин моюнундагы мүшөктү өлүкканадан кесип алышкан. Ал эми кызматкерлер ал жактан алып, одеялого салып коюшканын биздин жактоочу аныктап чыкты.

Үчүнчүдөн, химиялык экспертизада одеялодо миллиграмм кандын тамчысы чыкты. Бирок Жайдардын сырткы кийиминде оозунан аккан кандар жана шилекей бар болчу. Эгер одеялого бала оролгон болсо анда эмнеге бир эле тамчы кан болот? Ал үчүн апам экөөбүз кан тапшырып көрдүк. Эми жакында атам тапшырганы жатат. Кыскасы унаадан пияздын кабыгы табылды деген сыяктуу жасалма экспертизаларды дайындап, эптеп иштин бетин жабуу аракеттерин көрүп жатышат".

"Алгач кызым, эми мен шектүү болуп калдым"

“Жайдар жоголгондо биз РИИБдин жанынан жок эле дегенде 5-6 жолу өткөнбүз. Кошуналарым болуп дагы чогуу издегенбиз. Эгер кызым экөөбүз өлтүргөн болсок унаага салып алып ары-бери коркпой жүрө берет белек? Унаанын дөңгөлөгүнүн изи менен эле бизди шектүү деп кетишкен. Эми жогоруда айтылган одеяло кошулгандан бери биз минтип элге окуяны төкпөй-чачпай айтып берүүнү туура көрдүк. Балам табылган убакта талааны ошол замат милиция кызматкерлери курчоого алышкан эмес. Биз унаанын дөңгөлөгүнүн изи ал жерде бар болуп жатканына макул эле болуп жатабыз. Себеби биз ал жерден бир канча жолу баланы издеп өткөнбүз. Буга чейин кызым шектүү катары каралса, эми мени да шектүүгө кошуп жатышат".

Сартованын айтымында, баласынын өлүмүнө өздөрү тараптан шектүү катары көргөн адамдары деле жок. Бирок бул үй-бүлөнү кабатырланткан нерсе - милиция кызматкери Жайдардын өлүмү боюнча башка дагы иликтөө иштерин жүргүзбөй, жалгыз гана бул бүлөнү шектүү катары көрүп жатканы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
monster_high_98
2019-02-11 12:52:43
Лично корбогондон кийин,бир нерсе айтуу кыйын,бирок божомолдор туура болсо ,чырактай баласы жашоосуна тоскоол болдубу деген ой кетет!?

Жогорудагы божомолдорго 80%кошулуп турам,апасы кызынын кээ бир создору шек жаратат...
Тан калыштуу апасы эмнеге чоноюп эле калган баласын кызым алып кетти деп ойлойт , одеял, машинанын изи бар болсо милицияга не куч келмек эле ,башка далил издеп,даяр факт деп моюнга коет да ...
+2
Kgda
2019-02-11 18:20:18
monster_high_98,Сен не деп ХХХ атасын, кантип оз канынан жаралган баласын озу олтурсун, майып болуп баса албай калган баласын да памперсин которуп багып атышпайбы. Эне деген ыйык зат эч качан озу торогон баласын озу олтурбойт. Кызынын магинасына отуруп чогуу кеткенго деп ойлодуда эне байкущ. Ментер таза иликтеши керек.
+1
Jasa
2019-02-11 13:50:57
Бир Аллах билет корбогон сон айтуу кыйын биздин милицияларга деги ишенич жок.
+3
ice87
2019-02-11 14:23:47
Албетте бир гана Аллахка белгилуу баары.
+4
Zidan2
2019-02-11 15:24:12
Озунордон бир балээ барго
+1
Jelezo
2019-02-11 15:31:13
Озунун инисин кантип эле олтуруп койсун бизде эптеп эле мойнуңа алдырып кылмыштын бетин ачтык деп отчёт беруу. Бурулайды камалып турган жеринен олтуртуп алышып так тергоо жургузо алышбвды муну эч качан табыша албайт.
+5
tyrgon
2019-02-11 18:54:38
Камила дуйшебаева 19 жаштагы студент кыздын олуму 4жыл болуптур бети ачылбаганына анан эмне дейсиздер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан