Бишкекте жашыруун иш алып барган кумаркана табылганын ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, аталган жайга тааныш гана адамдар киргизилип, купуялуулукту сактап келишкен. Алар кумар оюндарын ойноочу жабдыктарды жана компьютердик тармактарды колдонуу аркылуу кумар оюндарын ойноп келишкен.
Кумаркана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан табылып, Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин 2-бөлүмү (кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү) менен сотко чейинки иликтөө башталган.
"Тергөө соту тарабынан атайын тергөө иш-аракеттерин жүргүзүүгө токтом чыккан. Жогорудагы токтомдун негизинде 7-февраль күнү атайын операция жүргүзүлүп, жогоруда көрсөтүлгөн дарек текшерүүгө алынган. Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда мыйзамсыз кумар оюндарын жүргүзүшкөндүгү аныкталган жана компьютерлердин жанында 7 оюнчу бар болгон. Аларды текшерүү учурунда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын 30-40 жаштардагы жашоочулары болуп чыккан.
Ал эми кумар оюндарын ойноочу мекеменин администратору Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган К.С. аттуу жашоочусу (аял киши) болгон. Ал мурда кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү беренеси менен жоопкерчиликке тартылган. Имараттын ичинен 10 компьютер, кассадан 6 миң 500 сом акча каражаты табылды. Андан сырткары 4 даана ак жана кара түстөгү беткап, оюнчук тапанча, бир нече бычактар табылган. Алынган маалыматтар боюнча аталган имарат Жалал-Абад облусунун 1955-жылы туулган З.А. аттуу жашоочусуна (аял киши) таандык. Ошол эле күнү мекеменин администратору сурак берүү үчүн Тергөө кызматына жеткирилген.
Азыркы учурда кумар оюндарын уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу жана ушул кылмыш ишине тиешеси бар башка жактарды аныктоо жана кармоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп кабарлашты ИИМден.