"Тойго насыя алба!" Бишкекте ашыкча чыгымдарга каршы акция өтүүдө

Бишкекте "Тойго насыя алба!" аталышындагы акция өтүүдө. Акциянын демилгечилери - жаш активисттер 10-февралдан 11-февралга караган түнү борбор шаардын бир нече көчөлөрүнө жана банктардын кире бериш жерлерине "Тойго насыя алба!" деген чакырыкты жазып кетишкен.

Уюштуруучулар бул акциянын максаты - банктардын ишмердүүлүгүнө каршы келбей тургандыгын айтышкан.

"Биз мындай билдирүүлөрдү банкка келген кардарларды окусун деп илдик. Азыр жарандар арасында ишкерлик менен алектенүү үчүн эмес, той үчүн насыя алгандар көп болуп кетти. Ошонун айынан алар чет өлкөдө иштеп жүрүшөт", - дешкен акциянын демилгечилери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
asdef
2019-02-11 11:41:02
Эн жакшы,бирок ушунунарды укса кана.... элдер
+2
Chungyz
2019-02-11 12:30:50
Алдык
0
Bishkek_312
2019-02-11 12:36:52
Албаганга айла жок болуп калат кээде кыргыз эли намыскөй элбиз алганга да бергенге да бар болуп турсун бок жаман эмес жок жаман.
+3
titanik32
2019-02-11 12:42:41
Ушу тойду чектеп кыскарта турган бир закон кабыл алса жакшы болмок.Той кылабыз деп талаалап иштеп тиштин кирин соруп,анан келип тойго чачып коюп кайра чыгым болуп жакшы жашоо болбой оңолбой жаткандай.Башкача арзан той кылып элибиздин жашоосуна оңойураак келе бурган эле салт санаа болуп,ашыкча чыгымды токтотсок.Өзүбүз эле Кыргыз кыйналат экенбиз.
+3
maks94.kb
2019-02-12 00:15:02
titanik32,ал арбир кишинин озунон элего
0
Snejana
2019-02-12 01:07:01
Кана ошо активисттер, мага карызга акча берип турсунчу. Болуп-болуп толоп берем. Кредит алсамбы деп ойлонуп аттым эле. Тойго 40 мин сом жетпей атат. Калп эле кыйын боло бербесинчи. Ошончо элди багып аткансып. Куру соз менен элдин башын айлантып атышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан