Бразилияда жергиликтүү футболдук клубдун базасынан өрт чыгып, жаш 10 футболчу каза болду

Бразилияда жергиликтүү "Фламенго" футбол клубунун базасынан өрт чыгып, жаш футболчулар каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, өрт таңкы саат 5те 14-17 жаштагы футболчулардын жатаканасы жайгашкан аймактан чыккан. Акыркы маалыматтарга ылайык, өрттүн кесепетинен 16 жашка чейинки 10 футболчу каза болгон. Дагы 3 футболчу оор абалда ооруканага жаткырылган.

Кырсыктын негизги себеби катары аба ырайынын начарлашы каралууда. "Фламенго" клубунун базасы жайгашкан Рио-де-Жанейро шаарында акыркы убакта жаан жаап, катуу шамал жүрүп жаткан. Шамалга байланыштуу электр энергиясында чукул туташуу пайда болуп, жыйынтыгында өрт чыккан деген божомолдор айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Boha1
2019-02-11 16:58:32
Неймардын ордун баса турган футболчулар болмок экен да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан