Бүгүн, 11-февралда парламент комитетинде жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралды.
Депутат Экмат Байпакбаев “Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору менен 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунуштады. Анда аркар, кулжага, тоо эчкисине, эликке, маралга, каманга аңчылык кылууга тыюу салынат.
Бюджет жана финансы боюнча комитети тарабынан аталган мыйзам долбоору жактырылды.