Ысык-Көл облусунда "аялымды зордуктадың" деп маркумду союл менен сабап жыныс мүчөсүн кесип салган жаран 14 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Мындай маалыматты 11-февралда Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзат Ашыралиева SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2018-жылдын 16-августунда Чолпон-Ата шаарында болгон. Окуя түнкү саат 23:30 чамасында катталган. Айыпталуучу А.А. мал сарайда мал багып иштеген Т.Б. аттуу жабырлануучуну мас абалында келип "сен менин аялымды зордуктадың" деп союл менен сабап, бычак менен бир нече жолу сайып, жыныстык мүчөсүн кесип өлтүргөн.
Ал эми медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, зордуктоо болгону же болбогону далилденген эмес. Ошондой эле маркум травматикалык тапанчанын огунан каза болгону экспертизада жазылган.
Ысык-Көл райондук соту соттолуучу А.Аны Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси менен күнөөлүү деп таап, 14 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Мүлкү толук конфискацияланып, жазасы күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагынан өтөөсү белгиленген.
Соттун маалыматында, кылмышкер буга чейин да бир нече жолу сот жообуна тартылган.