Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан терроризмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде М.Х. аттуу жаран кармалды. Ал буга чейин жасаган кылмыш иши үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.
Маалыматка ылайык, кармалган адам 2015-жылы жихад идеологиясын көздөп Сирияга кеткен. Эл аралык террордук уюмдарга кошулуп, куралчан согуштарда Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында ал КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген.