Бишкекте бир нече унаанын терезесин сындырып, ичиндеги акча, буюмдарды уурдап жүргөнгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, февраль айынын башында милиция кызматкерлерине Лексус-ES унаасынын ээси белгисиз адам терезесин сындырып, ичиндеги 2500 доллар акчасын, Canon үлгүсүндөгү фотоаппаратын, уюлдук телефонун, ар бири 3000 сомдук эки энергия топтогуч түзүлүшүн уурдап, изин жашырып качып кеткенин айтып кайрылган. Жабырлануучу Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылып, чыгымга учураткан жактарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин (уурулук) негизинде сотко чейинки иликтөөлөр башталган.
"Бул кылмышка шектелип Аламүдүн районунун 20 жаштагы жашоочусу кармалган. Ал буга чейин да уурулук, унааны уурдап качуу менен соттолгон. Тергөө-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү ушул жылдын 28-январь күнү болжол менен таңкы саат 5:00 чамасында Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүндөгү үйдүн алдынан Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаанын терезесин талкалап, 7500 сом акча каражатын уурдап кеткен. Ушул эле күнү Жибек Жолу көчөсүндөгү үйдүн алдынан уурулук жасоого аракет кылганы белгилүү болгон. Анда да Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаанын терезесин талкалап, бирок көздөгөн максатына жетпей, окуя болгон жерден качып кеткен.
Жогорудагы фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөөлөр жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.