Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин укук коргоо кызматында иштеген күйөө баласы мас абалда жол кырсыгына кабылды

Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин милицияда иштеген күйөө баласы Айбек Сыдыков мас абалда Lexus үлгүсүндөгү унаасы менен эки унааны сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге укук коргоо органдарындагы өздүк булактар тастыкташты. Маалым болгондой, учурда анын үстүнөн кызматтык териштирүү жүрүүдө.

Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Жылдыз Түлееванын маалыматына караганда, кырсык 10-февраль күнү саат 18:40 чамаларында Гоголь жана Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде орун алган.

"Аталган жерде Lexus, Toyota Mark, Daewoo Nexia унаалары сүзүшкөн. Lexus унаасынын айдоочусу мас абалда болгон. Кырсык катталгандан кийин унаалар айып аянтчасына токтотулуп, унаа ээлеринин аты-жөнү такталган. Учурда келтирилген чыгымдын көлөмү эсептелип жатат", - деди Түлеева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bek_tash
2019-02-12 10:33:18
Ээми шапкаңды басып, бетиң жашырып жүр!
+23
interpol
2019-02-12 10:35:42
Кыргызстанда эң чооң зыянкечтер ушул депуттар окшойт, себеби алар өздөрү мыйзамды уруп ойнобойт үлгү болгондун ордуна. Анан алардын жакындары каалагандай тайраңдайтда тайраңдайт. Уялчак депутат эми чындап уялсаң болчудай эгерде эле уятың болсо.
+22
555-777
2019-02-12 11:28:20
Кайнатан ХХХ экен эми уялып
+3
Chyngyz_kg
2019-02-12 12:15:59
эми уялат экенда бул киши
+3
asman.81
2019-02-12 12:23:02
Журттун акчасын жеп жутуп жатып уялбанан,куйоо баласы мас болсо уялат экен деп ойлобой эле койгула кыргыз журтум .Булардын бети резинка.
+5
Skarlett-Skarlett
2019-02-12 12:39:39
Кайнатасынын акчасына копкон адам болсо керек да.Куйоо балдарга жакшылык жок,ХХХ ХХХ куйоо бала окшойт.Коппой ХХХ!Мал арыгын баксан ооз майлайт,адам арыгын баксан тобо кандайт деп коёт го.Куйоо балдарды коптурбогуло,эч жакшылык жок.
+4
tursunbaev78
2019-02-12 13:36:15
жок адашасыңар мындай нерселерге уялбайт булар,кайра керкеейт кыйраткансып
0
Azatbek.Svoboda.
2019-02-12 20:03:37
Эми шапкасын ылдый кылып козун жаап элдин алдында уялып отуп кетем деп айтса жарашмак!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан