Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин мас абалда жол кырсыгына кабылган күйөө баласы Айбек Сыдыков 3 ай мурун 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу кесилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылдын 5-октябрында Бишкектеги "Ретро-Метро" түнкү клубунда
милиция кызматкерлери менен түнкү клубдун кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы менен бул ишке милициянын подполковниги Айбек Сыдыковдун катыштыгы бар экени аныкталып, ага тартип жазасы колдонулган. Мындан сырткары өз учурунда Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "уурулук", "бейбаштык менен курал колдонуу" жана "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренелери менен кылмыш иши ачылып, иш сотко өткөрүлүп берилген.
"2018-жылдын 22-октябрында Биринчи Май райондук соту тарабынан Айбек Сыдыков Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (бейбаштык) негизинде айыптуу деп табылып, 3 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу кесилген. Анын жактоочусу райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип, шаардык сотко арыз менен кайрылган. Арызы азырынча карала элек. Ал эми козголгон кылмыш иштин негизинде Бишкек ШИИББинин кызматкери Айбек Сыдыков кызматынан бошотулуп, мекеменин карамагында болгон. Учурда анын жол кырсыгына кабылганы боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы текшерүү жүргүзүүдө", - деп билдиришти ИИМден.