ЖЫЛНААМА, 12-ФЕВРАЛЬ: Максат Довранов: "Туулган күнүмдө досторум менен мончого барып эс алам"

Бүгүн, 12-февралда журналист, алып баруучу, акыркы учурларда өзүн тамада катары сынап жүргөн Максат Довранов 31 жашка толду. SUPER.KG порталы алып баруучуну туулган күнү менен куттуктоо үчүн байланышканда, ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду.

"Кечээ Талас шаарында ырчы Нурлан Насип менен Самара Каримованын чай концерти болуп, мен алып баруучу катары ал жакка баргам. Концерт бүткөндөн кийин саат жебеси түнкү 12ни какканда чыгармачыл топ атайын сюрприз даярдашып туулган күнүм менен куттукташты. Андан кийин түнү менен жол жүрүп Ош шаарына келдик. Жолдо келатып Нурлан Насип өзүнүн "Туулган күн" деген ырын 6 жолу жандуу ырдап берип маанайымды көтөрдү. Куттуктаган адамдар абдан көп, куттуктоолордун аягы дале суюла элек. Азыркы учурда 13-14-февраль күнү боло турган Нурлан Насиптин концертине даярданып жүрөбүз. Ал эми кечинде досторум менен биргеликте мончого барып эс алып келсемби деп пландап жатам".



Журналисттин "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Тамадалык менен алектенип, ар кандай иш-чараларды, концерттерди алып бара баштаганыма негизи 3 жылда болуп калган. Бирок көп деле тойлорго чыкчу эмесмин. Акыркы учурларда тойлорун, иш-чараларын алып барып берүүнү суранган тааныштар, туугандар, күйөрмандар көп болууда. Алардын суранычынан баш тартпай тамадалык кылып жүрөм. Элден айланса болот, сыйлап жакшылыктарына чакырышат. Барып, батасын алып эл менен чогуу жүрөбүз".
  • "Өзүм тууралуусоциалдык тармактардан гана жаман пикирлерди окуп калбасам, адамдардан "сени баланча мындай деди" деген жаман сөздөрдү уга элекмин. Комментарийлерди окуп маанай түшкөн учурлар болот. Башында аябай кыжалат боло берчүмүн, бирок бара-бара конүп калат экенсиң. Азыр кээде бир сүрөткө 1000ге жакын комментарий түшөт, алардын бирөосүн да окубайм. Ал комментарийлердин баарын окусам жинди болуп калышым толук мүмкүн".

Апасы жана бир туугандары менен

Максат Довранов 1988-жылы 12-февралда Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында туулган. Кесиби – модельер-конструктор. Биринчи жолу түз эфирге 15 мүнөттүк “СМС-шанс” деген рубрика менен чыккан. Кийин ЭлТР телеканалындагы “60 мүнөт” долбоорунда алып баруучу, редактор болуп иштеген. Азыркы учурда ЭлТР телеканалынын “Кутман таң” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу.

Айта кетсек, алып баруучу 2017-жылдын ноябрь айында ырчы Сайкал Садыбакасовага баш кошуп, коомчулуктан бата алган. Тилекке каршы, ушул жумада "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде ажырашып кеткенин айткан.

12-февралдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rejepova
2019-02-12 18:35:14
Ажырашканын айтпайле койсок болбойбу деймда
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан