Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык мамилелерди жана парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон салымы үчүн бир катар жарандар сыйланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин парламенттер аралык ассамблеясынын кеңеши 25 жылдык медалы менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын башкы адиси Нурзат Асанбекованы сыйлады.
Ал эми КМШ ПААнын Ардак белгисине Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүдөгү салымы үчүн манасчы Дөөлөт Сыдыков, ырчы-обончу Майрамбек Осмонов татыды. Ардак белги Кыргыз Республикасынын дене тарбия, спорт жана туризм тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Владимир Чесноков менен Рамис Жунусалиевге да ыйгарылды.