Миграция кызматы Кыргыз өлкөсүнөн чыгып жаткандар үчүн 300 сом өлчөмүндө милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү сунуштады

Мамлекеттик миграция кызматы милдеттүү камсыздандыруу механизмин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу 12-февралдагы маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын тышкы миграция жана диаспоралар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

"Каза болгон жарандын сөөгүн мекенине алып келүү маселеси маркумдун үй-бүлөсүнө жүктөлүп жатат. Колдоо максатында компенсация алуу процессине бир канча өзгөртүүлөр киргизилген. Кыргыз мамлекети КМШ боюнча маркумдун сөөгүн алып келүүдөгү чыгашаларды жапкан жалгыз өлкө. Мурун бул нерсе эмгек мигранттарына гана таандык болсо, азыр үч документти (каза болгондугу тууралуу күбөлүк, тууган экенин далилдөөчү документ, паспорт) көрсөтүп 50 миң сом өлчөмүндө компенсация алса болот", - деди Шамшиев.

Ал мамлекеттик миграция кызматы милдеттүү камсыздандыруу эксперттер, диаспоралардын өкүлдөрү менен талкууланганын кошумчалады.

"Бул бюджетти толтурууга багытталган эмес, ал акча каражаттары маркумдун сөөгүн алып келип, жерге берген үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам катары берүүгө багытталган. Бул нерсе атаандаштыктын негизинде болсун деп бир нече камсыздандыруу компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бир жыл үчүн 300 сомдон ашпаган сумманы коюуну сунуштадык. Камсыздандыруу төлөмү 200 миң сомдой болот", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Shef87
2019-02-12 13:17:31
Эч нерсе таппай эле элден чогултуп жей калайын деп эле турат экен да
+7
Ysakov_Nur
2019-02-12 13:20:43
Бул окмот болбойт, козго коруноор жумуш кылбады.
Отставкага кеткиле
+11
Tolkun555
2019-02-12 13:26:48
Ysakov_Nur,убакытты албай просто места занят этпей эртерээк кеткен жакшы.толковый премер керек
+5
CEO1
2019-02-12 17:45:38
Tolkun555, балээнин башы Сокеге барып такалат. Ал алмашпайын премьерлер канча алмашса да толк болбойт...
+3
Erik2018
2019-02-12 14:01:58
Ysakov_Nur, Чет мамлекетте сага окшогондор жардам бермек беле алдын ала акча төлөп койсо жакшыда курулай өкмөткө дааматынды артпай.
-11
CEO1
2019-02-12 17:44:04
Erik2018, Соке сага окшогон Арзыматтарын бага албай жатабы ыя?!!
+1
bond02
2019-02-12 13:22:33
Миграция агымы кучоп жатат ошондуктан кайдан акча иштешти ойлоп таапсын да э, ошол компенсацияны озун алып кал.
+7
Tolkun555
2019-02-12 13:25:31
Тушунду сууга айт
+4
alemdar1988
2019-02-12 13:46:07
Бул акча бюджетти толтурууга эмес дейт уялбастан. Ачык эле айтыш керек бюджетти толтурууга деп себеби бюджетке акча карапайым элдерден эле чогулуп жатат, кыйратып иштеген бир завод
+2
shankol88
2019-02-12 13:47:06
Булар жегенди гана билет...
Элди емнегеле кыйнайсыңар иш таап бергиле анда...сөзжок
+1
amirrus
2019-02-12 13:47:37
ысыгын жепсинер байкуш элдер оздору эле алып келип жатат, РФ дагы мигранттар чогултуп берип жатат каяктагы компенсация ны айтып жатасынар ХХХ
+6
Azat.97
2019-02-12 14:00:36
Абылгазиев иштей албаса кетсин!
+5
Bektur2011
2019-02-12 14:02:27
300сом менен байып кетесинерби ошол акчаны башы коздон садагы кылып эле бергиле кырсыктап калган мекендештерибизге бир топ эле жардам болот
-4
CEO1
2019-02-12 17:49:22
Bektur2011, сен жаны ник менен кирген Сокенин Арзыматы экенсин, б.а. камчы чабаары...

Элди алдабастан ачык эле айтпайсынарбы, Соке миллиардларды уурдап да тойбой жатат, акыры ушуну ойлоп таптык деп...

Маркумдардын жакындарына 50минден беребиз деп бюджеттен болунгон 6 миллиондун жарымын жеп да койдунар го, калппы, калп болсо айт!!!

0
Nursbaike
2019-02-12 14:03:42
Олсон олугуно озун акча чогулт деген соз экен да . Сен акча бер сактап айлантып турабыз олсон жолкирене кетет деп
+5
Bektur2011
2019-02-12 14:39:18
буга чейин бир тыйын толобой каза болгондор оздору туугандары акчасы менен алып келген эми мамлекет жардам берели деседа 300 сомун аягандар бир орустун ментине тушсонор 5000 берип чыгасынарго
-4
CEO1
2019-02-12 17:52:29
Bektur2011, элден акча топтосо мамлекеттин жардамы болуп калабы ыя?!! Мээн менен сенин... Муну элди тоноо деп айтат, мамлекеттин камкордугу эмей эле....
+2
Flowhive
2019-02-12 14:52:44
Эми жакшы идея, бирок мамлекет акча чогултуп жебейт чачбайт деп ким кепилдик бере алат.самолет кулаганда канча акча чогултуп бердик, көрдүк го жыйынтыгын
+10
saparu
2019-02-12 18:52:22
Эптеп акча чогултуп жемейдин жолу да
+1
tilek121277
2019-02-12 21:23:26
эми ушинтип акча чогултмай болуштубу эшектер
0
Ergeshev.77
2019-02-13 01:41:29
Эч ким тукурбой калып ушуну ойлоп таптынарбы уят эле бул жакта окуп алганыма мен уялып кеттим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан