"Газпром нефть Азия" 4-жолу "Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү" деген сыйлыкка ээ болду

8-февраль күнү өкмөттүн алдындагы мамлекеттик салык кызматы "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коомуна "Кыргызстандын эң мыкты салык төлөөчүсү" деген сертификатты тапшырды. Мындай сыйлык аталган ЖЧКга республиканын бюджетинин киреше бөлүмүн толтурууга кошкон зор салымы жана 2018-жылдын жыйынтыгы менен салык мыйзамдарын ыктыярдуу аткаргандыгы үчүн берилди.

"Газпром нефть Азиянын" төккөн салык төлөмдөрүнүн жалпы суммасы өткөн жылы 3 миллиард 896 миллион 29 миң сомду түзүп, анын ичинен 480 миллион сом республикалык социалдык фондго чегерилген. 2016-жылдан тартып "Газпромнефть" май куюучу жайлары ККМ-онлайн - фискализация долбооруна кошулган.

Буга чейин компания "Кыргызстандык мыкты салык төлөөчүсү" наамына 2009-2011-2013-жылдары 3 жолу татыктуу деп табылган.

12 жыл аралыгында Газпром нефть Азия мамлекеттик бюджетти 40 миллиард сомго толтурду.

"Газпром нефть Азиянын" башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Айнура Абдукаримова:

"Газпром нефть Азиянын" баштапкы ишмердүүлүгүнөн тартып эле биз калыс иштегенге аракет кылып келгенбиз жана аракетибизди улантабыз. Ошондон улам биз мамлекет менен да, ар бир кардар менен да тыгыз иштешип келебиз. Өлкө мамлекеттик бюджетти толтурууга муктаж экенин түшүнүү менен кабыл алабыз.

Айнура АбдукаримоваКалктын аяр катмарына жөлөк пулдарды, мамлекеттик кызматкерлерге айлык-маянаны өз убагында төлөө, медициналык мекемелердин, укук коргоо органдарынын үзгүлтүксүз иш алып баруусу жана башка көптөгөн тармактар салыктын эсебинен жүргүзүлөт.

Албетте, компаниянын жана "Газпромнефть" май куюучу жайларынын ар бир кардарына ыраазычылык билдиребиз. Сиздер менен биргеликте биз бюджетке 3 миллиард 800 миллион сом салык төгүп, "Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү" наамына ээ болдук. Бул сиз менен биздин аракетибиздин натыйжасы", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан