Таласта 14 жаштагы окуучу бакка асынып каза болду

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 14 жаштагы окуучу бакка асынып каза болду. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында 11-февраль күнү кечке жуук болгон.

"Мектеп окуучусу өзүнүн короосундагы алма бакка асынып алганын анын туугандары көрүшкөн. Бирок аны аман алып калганга жетишпей калышкан. Териштирүү иштеринде окуучу мектепте жакшы окуй турганы жана ата-энеси туугандары менен эч кандай пикир келишпестик болбогону аныкталган. Ал эми анын денесинен эч кандай зомбулуктун белгилери аныкталган эмес. Учурда башка дагы жагдайлар териштирилүүдө", - деп билдирди басма сөз катчы.

Ошондой эле басма сөз кызматкери облуста дагы бир жаран асынып алганы тууралуу маалымат такталып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан