Ырчы Кыздаркан Келдибекова турмушка чыкты

Ырчы Кыздаркан Келдибекова турмуш жолуна аттанды. Ак жоолук салынган ырчы жолдошу менен 4 жылдан ашык убакыт кыз-жигит болуп жүргөнүн айтып, буларга токтолду:

“Жакшылыктын эрте-кечи жок дегендей, чыгармачылык менен алектенип жүрүп 32 жашымда турмуш курдум. Жолдошум Эсен менен Ош шаарынан жолдо бара жатып таанышып калганбыз. Эсен мамлекеттик кызматта иштейт. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кичүүсү. Адатта кичүүсү ата-энени карап калат эмеспи. Бирок жолдошумдун жумушуна байланыштуу Бишкекте турабыз. Эсен чыгармачылыгымды баалап, түшүнүү менен мамиле жасайт”, - дейт ырчы.

Кыздаркан Келдибекова 1986-жылы 4-ноябрда Өзгөн районуна караштуу Жылалды айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окуган. Ырчы "Ак тилек", "Телефон чалып тур", "Ойлодуң бекен?", "Сүйүү жазы" жана башка ырлары менен таанымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bars111
2019-02-12 16:15:01
Эми кудай насип кылса катар-катар төрөйт экенсинда. Бактылуу бол.
+2
Benazir08
2019-02-12 16:35:55
Бактылуу болсун.
+1
Modric10
2019-02-12 17:53:50
Мен бул ырчыны чоон эле айым десем бойдок экен да .ошо ар кечте вацаптан жазып тур деп ырдачу эле
+3
titanik32
2019-02-12 18:14:47
Эми буюрса ХХХХХ төрөшкө аракет кылат экен да.
0
ikitaidesu
2019-02-12 19:26:15
Бактылуу болгула! Туулган жери Өзгөн районунун Макаренко айылы го. Жылалды айылы кошуна айыл. Бизден жогору жакта.
0
faraon312
2019-02-13 07:11:58
Төрөгөнүн айтып төшөгүнө аралашпай эле койгула да.. Кудай берсин бала-бакыра! Ар адам бакытка татыктуу...
0
erkeleim
2019-02-13 09:57:02
4жыл???? 2жыл баштале менин иним суйлошуп жургон. Кандайча????
0
kurstan-ali
2019-02-13 10:57:21
Ирина Дубцовага окшошуп кетет экен кебетеси))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан