Парламент комитетинде 2010-жылы миңден ашык курал жоголгон, алардын 48 пайызы кайтарылып берилгени айтылды

Кечээ, 12-февралда парламент комитетинде 2010-жылы миңден ашык курал жоголуп, алардын 48 пайызы кайтарылып берилгени айтылды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда 608 курал адамдардын колунда турат. "Курал” жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу” мыйзам долбоорунун максаты - коомдогу коопсуздукту сактап, адам өмүрүнө, саламаттыгына кам көрүү. Өлкөнүн жарандары же чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар таап алган же аларда мыйзамсыз сактоодо турган куралдарды, патрондорду акы алып же бекер өз ыктыяры менен тапшырууга болот. Аларга куралдын көлөмү, сапаты, чыккан күнүнө жараша акы төлөп берилмекчи. Ошондой эле бул мыйзамда өздөрүнүн менчиги болбогон, таап алган же аларга берилген атылуучу куралды сактоого жана пайдаланууга тыюу салынат. Курал ички иштер органдарына токтоосуз өткөрүлүп берилүүгө тийиш", - деп айтылат маалыматта.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде аталган мыйзам долбоору жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nursbaike
2019-02-13 08:12:45
Эми ошо парламент комитетинин жоопкерчилиги каралдыбы 1000 ден курал жошотуптур же таркатыптыр мыйзамдуу болгонбу текшертип жоопко тарткыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан