ЖЫЛНААМА, 13-ФЕВРАЛЬ: Муз үстүндө бийлөө боюнча машыктыруучу Татьяна Тарасова 72 жашка толду

Муз үстүндө бийлөө боюнча машыктыруучу, “Муз доору” телешоусунун калыстар тобунун төрайымы Татьяна Тарасова 1947-жылы 13-февралда туулган.

Атасы Анатолий Тарасов хоккей боюнча белгилүү машыктыруучу болгон. Татьяна Тарасова 1975-жылы СССРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу деп аталган.

Муз үстүндө бийлөөнүн тарыхында башкаларга салыштырмалуу Тарасова эң көп Дүйнө жана Олимпиада оюндарынын чемпиондорун даярдаган. Мисалы, муз үстүндө түгөй менен бийлөөдө Ирина Роднина жана Александр Зайцев, Наталья Бестемьянова жана Андрей Букин, Марина Климова жана Сергей Пономаренко, Екатерина Гордеева жана Сергей Гриньков, Оксана Грищук жана Евгений Платов, ал эми жалгыз муз үстүндө бийлөөдө Илья Кулик, Алексей Ягудин сыяктуу белгилүү спортчуларды даярдаган.
13-февралга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2019-02-13 09:18:24
72 ге чыгып дагы деле ХХХ журот го,мен жаш деп журупмун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан