22-июлда Сокулук районунун Төрт-Күл айылында РИИБинин баңгизатына каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 43 жаштагы В.Н. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИББинин басма сөз кызматы билдирди. Шектелген жаранды текшерүүгө алганда күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 270 грамм баңгизат табылды. Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.