"Акча жок дейсиңер, өлкөдө канчалаган эсепке алынбаган жерлер турат?" - деп бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бахадыр Сулейманов айтты.
Сулейманов жер фондун инвентаризациялоо иши качан бүтө турганын сурады. "Эмне деп айткан күнү да жер фондун инвентаризациялоону бүтүрүү зарыл эле. Өкмөттүн программасына ылайык, бул ишти 2018-жылы бүтүрүү керек болчу. Биз кайсы жакка барбайлы ушул боюнча кайрылып жатышат. Эсепке алынбаган канча жерлер бар? Бул тууралуу жергиликтүү тургундардай эч ким билбесе керек. Эсепке алынбаган жерлер кандай колдонулуп жатат? Бул иш качан соңуна чыгат?" - деп сурады Сулейманов.
Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев: "Ооба, 2018-жылы бул ишти аягына чыгарып, бүтүрүшүбүз керек эле. Бирок каражат жетишпегендиктен убакыт узартылган. Жакында эле буга бюджеттен 55 миллион сом каражат бөлүндү. Иштер 2019-жылы аягына чыгат", - деди.