Аламүдүн районунда катталган өрттөн 3 адам каза болду. Алардын экөө 2 жана 10 жаштагы балдар

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыгып, анын кесепетинен 3 адам каза болду. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Аталган айылдын Октябрь көчөсүнүн №45/2 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 12-февралда саат 15:10 чамаларда келип түшкөн. Анда жыгач устундуу пластик жабылган жалпы аянты 100 чарчы метр кампанын жана гараждын чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 3 адам каза болгон. Алар 1985-жылы туулган А.М.Д. аттуу аял киши жана 2017-жылы туулган К.М.И., 2009-жылы туулган К.Е.И. аттуу балдар. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Чүйдө келин 2 баласы менен өрттөн каза болду. “Ал өзүн-өзү өрттөшү мүмкүн” дейт кошуналары
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
madina.87
2019-02-13 11:13:24
Кудай сактасын, бейишин берсин,жаткан жери жайлуу болсун. Кырсык каш кабактын ортосунда.
0
Benazir08
2019-02-13 12:34:53
Апасы 2 баласы мн отуп кеттиби ошондо кудай сактааа бизге да бир паста жугуп атат окшойт коншулардан. Алар да жаман болушту го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан