"Чыгармачылыгыма өзгөчөлүк киргизейин деп ырды дуэт аткардым" деген Джоннинин "Жазым менин" чыгармасы "Супер хитке" кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Джонни менен Сайкал Садыбакасованын "Жазым менин" чыгармасы кошулду. Ырчы чыгармачылыгына өзгөчөлүк киргизүү үчүн дуэт ырдап чыкканын айтат.

"Чыгарманы жазып жатканда өзүм эле аткарам деп ойлогом. Бирок продюсерим "чыгармачылыгыңа өзгөчөлүк киргизип, дуэт аткарып чыкпайсыңбы?" деп калды. Романтикалуу чыгарма болгондуктан ырчы кыз менен аткаралы деп, Сайкал Садыбакасовага токтолдук. Сайкал дагы макул болуп, ырды жаздырдык. Ал эми клипти тартуу иштерине көп катыша алган жокмун. Жеке концертиме даярданып жүрүп убакыт тар болду", - дейт ырчы.

6-ФЕВРАЛДАН 13-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

10-орун - Нияз Абдыразаковдун "Досума" клиби эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Анжеликанын "Назданып" видеоклибине буюрду.

8-орунда - Нурлан Насиптин "Жүрөк ээси" видеоклиби жайгашты.

7-орунду - Нурмат Садыровдун "Жүрөк ээси, эркеси" аталышындагы чыгармасы камсыздады.

6-орунду - Аваз Акимовдун "Балалыкка кетеличи, апаке!" видеокомпозициясы ээледи.

5-орун - Амир Аскаров менен Чолпон Талипбектин "Жүрөгүм эзилет" чыгармасына буюрду.

4-орунду - Гүлнур Сатылганованын аткаруусуна таандык "Ашыкпа" клиби ээледи.

3-орун - Гүлнур Асанованын "Шашпа" аттуу чыгармасы эки баскычка төмөндөдү.

2-орунду - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" чыгармасы ээлеп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге кошулган Самат Эркинбековдун "Дык-кын-дыш" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tram-lam
2019-02-13 13:37:16
Жоннинин клиби Эд Ширандын "Перфект" деген клибинин "эгизи" экен))) Кайталангыс оригиналдын аянычтуу кочурмосу деп койчу беле мындайды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан