ЖЫЛНААМА, 13-ФЕВРАЛЬ: "Даңазалуу кылым" сериалында шахзада Мехмеддин образы аркылуу атактуулукту багындырган актёр Гүрбей Илери 31 жашка толду

"Даңазалуу кылым" сериалында шахзада Мехмеддин ролу аркылуу атактуулукка жеткен түркиялык актёр Гүрбей Илери 31 жашка толду. Ал 1988-жылы 13-февралда Стамбул шаарында төрөлгөн. Гүрбей Илери мектепти жалаң "5" деген баа менен аяктаган. Ал окуучу кезинде баскетбол ойноп, келечекте профессионалдуу спортчу болууну кыялданчу. Бирок ал оюн учурунда жаракат алып, спорттук карьерасын токтоткон.

Ал кандай чөйрөдө болбосун өзүн сынап көрүп, аябай эмгекчил болгон. Гүрбей окууну аяктаган соң актёрлук чеберчилик боюнча курстарга катышкан жана Бейкент университетин аяктаган. Студент кезинде актёрлук таланты жана келбети модель болууга ылайыктуу болгондуктан жарнамаларга тартыла баштаган.

Болочоктогу актёр алгачкы жолу 19 жашында өспүрүм курактагыларга арналган "Арткы катар" аттуу драмалык телесериалга тартылган. Бул анын тажрыйба топтоосуна чоң өбөлгө түзгөн. Ал эми 2011-жылы "Менин жүрөгүм сени тандайт" аттуу сериалга тартылып, баш каармандын образын жараткан. Аталган сериалга тартылгандан кийин Түркияга популярдуу боло баштаган.

2012-жылы "Даңазалуу кылым" сериалына шахзада Мехмеддин ролуна чакырылган. Актёр бул ролу үчүн 8 килограммга арыктап, спорт менен алектенген. Актёр бул сериалдын 3-сезонуна чейин Султан Сулейман менен Хүррем султандын уулунун ролун жараткан. Дал ушул "Даңазалуу кылым" сериалында Мехмеддин ролу аркылуу дүйнө жүзүнө атактуулугу арткан. Ошону менен катар аталган сериалга тартылгандан кийин актёрго туш-тараптан киного тартылуу сунуштары түшө баштаган. 2014-жылы ал "Тыюу салуу" деген сериалга тартылган. Ал эми 2015-жылы Гүрбей Илери "Үйүнө кайтып келүү" деген сериалда Арас деген каармандын ролун жараткан.

“Үйүнө кайтып келүү” тасмасынан кадр

Жеке жашоосу

Актёр "Даңазалуу кылым" сериалында крымдык ханбийке Айбиге хатундун ролун ойногон актриса Эзги Эйүбоглу менен 2 жылга жакын убакыт кыз-жигит мамиледе болгон. Ал эми 2016-жылы папараццичилер актёрдун башка кыз менен ресторанга кирип бараткан жеринен тартып алышкан. Бул боюнча журналисттердин берген суроолоруна ал сүйүктүүсү экенин тастыктап, бирок атын айтуудан баш тарткан.

Актёр актриса Эзги Эйүбоглу менен

Актриса Айбиге хатундун образын жараткан.

2018-жылы актёр "Кайра жаралуу. Эртуурул" аттуу сериалга тартылган. Андан сырткары ал журналдарга тартылып турат. Актёр имиджин өзгөртүп, сакал өстүрүп алганын анын акыркы сүрөттөрүнөн байкоого болот. Күйөрмандары ал мурункудан да сексуалдуу жана жагымдуу болуп калганын айтышкан.

Гүрбей Ирели ушул жылы "Али" аттуу тасмага тартылап, анда башкы каарман Алинин ролун жараткан. Аталган тасма ушул жылдын 22-мартынан баштап кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.

13-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан