"Манас" аэропортунан жарым килограммга жакын зер буюмду мыйзамсыз алып өтүп бараткан жаран кармалды

“Манас” эл аралык аэропортунун учуу залынан баалуу металлды мыйзамсыз ташып чыгууга аракет жасаган жаран кармалды. Бул маалыматты мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчылыгы бөлүштү. Аталган кызмат УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жогорудагы фактыны аныкташкан.

"Товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү, ташып чыгуу фактыларын табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө 10-февралда болжол менен саат 05:00 чамасында “Манас” эл аралык аэропортунун учуу залына текшерүү жүргөн. Анын негизинде Бишкек-Дели багыты боюнча уча турган А.Б. аттуу Кыргыз жаранын текшерүү учурунда сары металлдан жасалган зер буюмдар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 471 граммдан ашат.

Аныкталган факт Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрине каттоо үчүн Транспорттук прокуратурасына өткөрүлүп берилди", - деп билдирет маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Veronica89
2019-02-13 19:21:37
Эмне болуптур? Алып барып сатса керек да, кичинекей эле алтындар экенго. Кобу нике шакек экен да.
+1
mirlanpiter
2019-02-14 15:57:16
Кысталактар ая ,тим эле бир тонна алтын кармап алгандай мактанышып,,, Кумтөрдөгү коррупция , Канадага кетип жаткан алтындарды неге көрбөйсүңөр ,көр болуп калгансынар бей бечара элден жеп көнүп алып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан