Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы турак үйдөн чыккан өрт үй-бүлөдөгү чырдан улам болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-февралда болжолдуу саат 16:15 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө турак үйдөн өрт чыкканы боюнча маалымат түшкөн.
"Өрт кырсыгы болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, өрттүн кесепетинен 34 жаштагы М.А. жана анын 2 жана 10 жаштагы баласы каза болгонун аныкташкан. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, болжолдуу окуя тууралуу маалыматтар алынган. Анда аталган даректе каза болгон келин эки баласы, күйөөсү жана кайненеси менен жашаган. Ошондой эле маркумдун жана күйөөсүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, тактап айтканда, алардын кулагынын угуусу начар болгон. Ошондой эле кошуналарынын билдирүүсүндө, окуя болгон күнү аталган үйдө чыр чыккан. Ал эми саат 14:00 чамасында каза болгон келиндин канистра көтөрүп жүргөнүн көрүшкөн. Кийин маркум айылдагы тургундан 2 литр күйүүчү май сатып алганын коңшулары айтып беришкен", - деп жазылат маалыматта.
Учурда бул боюнча бардык тийиштүү иш-чаралар көрүлүп, иликтөө иштери улантылууда.