Бүгүн, 13-февралда белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова кыз төрөдү. Бул сүйүнүчтүү жаңылыгы менен SUPER.KG порталына анын жолдошу, тамада Максат Надырбеков бөлүштү.
"Нурзат Алматы шаарындагы төрөтканалардын биринде көз жарды. Мен үйдө уктап жатсам сүйүнчүлөп чалышты. Кызыбыз ай-күнүнө жетпей төрөлдү. Учурда эне-баланын абалы жакшы. Балалуу болгонума аябай толкунданып жатам", - деди Надырбеков.
Белгилей кетсек, Нурзат Токтосунова өткөн жылдын декабрь айында социалдык тармактагы жеке баракчасына өзүнүн кош бойлуу экенин жарыялап, "Кудайым кут кылсын, түбөлүгүн түз кылсын, буюрса, жакында ата-апа болобуз. Көп айтпайлы, көз болбосун, бир күнү сүйүнчүлөйбүз", - деп жазган.
Нурзат Токтосунова 2015-жылы Максат Надырбековго турмушка чыгып, 2016-жылы заманбап тоюн Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүшкөн. "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер алпаруучусу" наамынын ээси Нурзат Токтосунова 35 жашта.