Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө айылында турак үй өрттөнүп, анда жашаган келин, анын 2 жана 10 жаштагы балдары каза болду. Маалыматты алгач ӨКМ кабарлап, Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы келин үйдү өзү бензин куюп өрттөгөн деген билдирүүнү таратты. SUPER.KG порталы окуя болгон жерге барып, оор жоготууга учураган үй-бүлөнүн кошуналарына жолукту. Таш-Дөбө айыл өкмөт башкармалыгынын кызматкери каза болгон келин бир жума мурун күйөөсү менен келип, кайын энеси үйдөн чыгып кеткиле деп жатканын айткан.
"Бир жума мурун Мээрим да, Игорь да айыл өкмөт башкармалыгына келишкен. Мээрим кайын энеси үйдөн чыгып кет деп жатканын айткан. Буларга тиешелүү болгон жер тилкесин кайын энеси сатып жибериптир. Ошону кайтарып алууга мүмкүнчүлүк бар же жок экенин билгени келишиптир.
Жубайлардын экөөндө тең майыптыгы болгондуктан аларга ай сайын жөлөк пул берилчү. Бирок акчаны кээде эле өздөрү алып кетпесе, көпчүлүк учурда кайын энеси алып кетчү. Игорь ун чыгарган жайда жумушчу болуп иштейт. Балдарын эч нерседен кем кылбай багышчу. Бул үй-бүлө тууралуу жалаң гана оң пикирлерди айта алабыз.
Дагы бир кызык жагдай - булар жашап жүргөн бөлмөдөн эмес, унаа коюучу жайдан өрт чыккан. Келин менен балдарынын сөөктөрү да унаа коюучу жайдан табылды. Өрттөнүп жаткан жайга кантип баары кирип калышканы түшүнүксүз. Балким, чындап эле келин балдарын унаа койгон жайга алып кирип, өзү өрт койгон болушу мүмкүн", - деди айыл өкмөт башкармалыгынын кызматкери.
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыгып, анын кесепетинен 3 адам каза болгон. Анда жыгач устундуу кампанын жана гараждын чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 3 адам каза болгон. Алар 1985-жылы туулган А.М.Д. аттуу аял киши (үй кожойкеси) жана 2017-жылы туулган К.М.И., 2009-жылы туулган К.Е.И. аттуу балдар болушкан.