Баткенде тажиктер менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу чыкты

22-июлда Баткен облусунун Исфана шаарындагы мейманканалардын биринен укук коргоо кызматкерлери Тажикстандын жаранын 1 килограмм баңгизат менен кармашкан. Баңгизатын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын билдиришинче, ошол эле аймакта дагы 5 килограмм баңгизаты бар экендиги тууралуу маалымат түшүп, издөө иштери жүргөн. Бул учурда, тактап айтканда, саат 02:50 чамасында 15тей адам келип, кармалган тажикстандык жаранды коё берүүнү талап кылышкан. Топтолгондор укук коргоо кызматкерлерин коркутуп, кылмышка шектүү кармалып турган мейманкананын ичине күч колдонуп кирип кетишкен. Героин менен кармалган жаранды качырып жибербөө үчүн табелдик курал колдонулуп, натыйжада Тажикстандын бир жараны жаракат алган. Бул окуя боюнча Лейлек РИИБине билдирүү жөнөтүлүп, Кулунду айылында аталган окуяга тиешеси бар 2 жаран кармалган. Маалыматтарга ылайык, бул жарандар Тажикстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендиги аныкталды. Учурда жарадар болгон тажик жаранына операция жасалып, кармалган жаранга карата кылмыш иши козголду. Учурда бул окуяга тиешеси бар башка жарандарды издөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
moskva88
2013-07-23 18:25:29
Катуу болгула
+4
tynara81
2013-07-23 18:28:47
Биздин бийликтин алсыздыгынан кошуналар кооп кетишти да.
+4
temirlan85
2013-07-23 18:29:44
Баарын эле атып салбаптырда
+5
Uluk8131
2013-07-23 18:45:26
Мен ошол жактан болом.милициянын куралы да жок болуш керек атканга.
0
Ura1972
2013-07-23 18:46:26
Эми, Эмомали аке, не кылалы деп кенеше бекен же оздорунчо чечкиндуу кадамга барыша бекен?
0
Uluk8131
2013-07-23 18:51:33
90жылдары тажиктер аябай коп кыргыз жарандыгын алган.алар бара берет да.илибой жерге.
0
Lion-x
2013-07-23 19:00:13
БЬангизат менен кармалган адамды кое бергиле деп кооп суйлогондорун карачы, булардын баардыгын олтургузуп коюш керек болчу, кыргыздар озубуз башкаларга жаман пример корсоттук митинг кыла калып, озубуз Закондорду сыйлабасак башкалар сыйламак беле.
+3
roy
2013-07-23 19:03:04
Милицияга таанышынардын баласын акча бергенин алсанар дагы ушундай окучлар кооп болуп турат тажабай окуп турабыз
-2
toktopolot79
2013-07-23 21:24:44
roy, Созундун маанисине тушунбодум,
+1
roy
2013-07-23 21:32:36
toktopolot79, Аксакал милициянын орган кызматкерлеринин акыбалын айтып жатам начар ото начар Негизи мындай окуяларды тып тыйпылын чыгарып койуш керек болчу Милиция начар тааныш акча чыныгы иштерманды албай жатат ошо тушундурдум окшойт э
0
asdef
2013-07-23 22:00:57
toktopolot79, Менин оюмча:"Милициялар силер таанышынардын балдарын жана ким акча бергенди ишке ала берсенер,ушундай окуя коп боло берет.А биз тажабай окуй беребиз"деп атат окшойт.
+2
tairermatov
2013-07-23 20:35:20
Чычкактардын баарын атып салыш керек болчу.
+1
gooool
2013-07-23 21:33:14
Катуу тургула акырына чейин.
+1
admin_superstan
2013-07-24 09:37:30
roy, gooool, эскертүү!
Ыңгайсыздык жаратпагыла. Маанисиз сөздөрдү жазуудан алыс болгула.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан