Казакстандык продюсер, актриса, ырчы, алпаруучу Баян Максат кызы интернеттеги жеке баракчасына эч кимди көзгө илбей бийлеп жаткан видеосун жүктөп, сынак уюштуруп, төмөндөгүдөй билдирүү жазган:
"Бул видеодо мен ичкен эмесмин, болгону сынактын талабына ылайык, бийчини дал өзүндөй кылып туурап бийлөө керек эле. Мен бийлегенимден уялбайм, менин актёрлук чеберчилигимди жогору баалагандарына абдан кубанычтамын. Силер дагы жаныңарда эч ким жок сыяктуу бийлеген видеоңорду жүктөп, ага #баянмененбийле хэштегин жазып, сүйүшкөндөр күнүнө карата эки кишилик кечки тамактануу утуп алыңыз", - дейт Максат кызы.
Учурда 45 жаштагы Баян Максат кызынын бул видеосу 100 миңден ашуун кароого ээ болуп, миңден ашуун сын айткан, мактаган билдирүүлөр жазылган.