Бишкектеги көчөлөрдү электр энергиясын үнөмдөгөн диоддук чырактар менен жарыктандыруу иштери улантылууда

“Бишкек свет” муниципалдык ишканасы калаабыздагы көчөлөргө электр энергиясын үнөмдөгөн диоддук чырактарды орнотууну улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

"Ушул жылдын биринчи кварталында 1500 жаңы диоддук чырактарды орнотуу пландаштырылууда. Жакын арада Касым жана Эне-Сай жаңы конуштарына, Түштүк-2, Учкун жана Чыгыш-5 кичи райондорунун көчөлөрүнө жарык киргизилет. Касым жаңы конушундагы Кубаныч, Салтанат, Илим көчөлөрүнө диоддук жарыктардын 102 даанасын орнотуу пландалган. Ошондой эле Түштүк-2 кичи районуна 35 даана чырак коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Диоддук электр энергиясын үнөмдөгөн чырактар төмөнкү көчөлөргө орнотулат:

9-январь көчөсү, Абай, Айни, Коммунаров, Лазо, Сухомлинов, Абакан, Интергельпо, Мусулманкулов, Лумумба, Соликамская, Үмөталиев, Чодронов, Чокморов, Политехническая көчөлөрүндө.

Ошондой эле 43 тар көчөгө жарык орнотулат:

Болотный, Западный, Карпатский, Комсомольский, Кузнечный, Куликовский, Низовый, Печерский, Пионерский, Пишпекский, Родниковый, Чебоксарский, Черкеский, Чувашский, Шуберта, Ялтинский, Акбуринский, Целиноградский, Весёлый, Ала-Тоо, Береговой, Бийский, Вишнёвый, Гранитный, Елецкий, Какандский, Каменный, Кой-Таш, Кольцевой, Кошевой, Найманбаев, Нежинский, Онарчинский, Предгорный, Соң-Көл, Терский, Тобольский, Уссурийский, Уфимский, Чатыр-Көл, Чернышевский, Ясенский, Ильменский тар көчөлөрүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан